Өздүк өндүрүш

2023-жылдын 15-июлунда «Народный» дүкөндөр тармагы 21 жылга толду. Азыркы күндө Кыргызстанда азык-түлүк продуктун, балдарга, үйгө жана бакчага арналган товарларды, жаныбарлардын жемин жана башка көптөгөн нерселерди сатып алууга мүмкүн болгон 50 дүкөн иштейт. Бирок тармактын негизги жетишкендиктеринин бири – бул жеке өндүрүш. Дүкөндөрдө күн сайын жаңы салаттар, нан, кондитердик азыктар сатылат. Биз дүкөндөр тармагынын өндүрүш департаментинин директору Дубровец Василий жана санитардык контрол бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасында тамактануу гигиенасы боюнча көз карандысы эксперт Мухтасар Азимходжаевадан даяр продукцияны көлөмдүү өндүрүүнү өнүктүрүүнүн нюанстарын жана этаптарын суроону чечтик.

«Народный» дүкөндөр тармагында жеке өндүрүш качан пайда болду?
Василий: Жеке өндүрүш дүкөндөрдө 2006-жылы пайда болду. Биз чоң эмес эт цехин түзүүдөн баштадык. Кийин выпечка, салаттар пайда болду. Керектөөчүлөрдүн керектөөсүн эске алуу менен, компания тарабынан өндүрүштү реконструкциялоо, технологиялык жабдыктарды модернизациялоо боюнча жана өндүрүштүн заманбап ыкмаларын жүзөгө ашырууу боюнча көлөмдүү иштер жүргүзүлдү жана бул өндүрүштүн көлөмүнүн жогорулоосуна түрткү берди. Азыркы күндө биз 38 салаттын түрүн, выпечканын 30 түрүн, 64 түрдөгү даяр тамактарды, 16 түр торт жана пирожный, 9 түр токоч жана 12 нандын түрүн чыгарабыз.
Жеке өндүрүш кантип иштейт?
Василий: Өндүрүшкө 150 адам тартылган. Цехтер бардык дүкөндөрдө жаңы продукция дайыма болуусу үчүн күнү-түнү иштейт.
Ар бир продукт үчүн так рецептура – техникалык- технологиялык карта иштелип чыккан. Анда процесс толугу менен, колдонулган продукты, өндүрүш стадиясы: даярдоодон баштап таңгакка чейинки процесс сүрөттөлгөн. Мунун баары профессионал технолог тарабынан иштелип чыккан жана үзгүлтүксүз түрдө көзөмөлдөнүп турат.
11 жылдын ичинде өндүрүш кантип өзгөрдү?
Василий: 2013-жылы цехти глобалдык модернизациялоо ишке ашырылды. Ошол учурдан баштап биз технологиялык, заманбап жабдыктарга жаңылап келебиз.
Мухтасар: Ошондой эле өндүрүштүн аймагында атйын ведомстволук санитардык-бактериологиялык лаборатория бар. Анда күн сайын чийки заттардын жана даяр продуктунун азык-түлүк коопсуздугунун гигиеналык талаптарына ылайык келүүсү үчүн анализдер жүргүзүлөт. Лабораториялык анализдердин жыйынтыгы боюнча изилдөөлөрдүн протоколдору даярдалат. Азык-түлүк техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбеген бардык учурлар берүүчүлөр менен кайтарууга чейин талкууланат.
Өндүрүштүн этаптары тууралуу сөз кылсаңыз...
Василий: Биздин штатта баштапкы чийки заттын сапатын текшерген сапат боюнча ага эксперт жана технолог бар. Андан кийин продуктулар сакталуу аянты боюнча бөлүнөт: бөлмө температурасындагы кургак кампалар, муздаткычтар, тоңдуруучу камералар. Ачылган даяр продукту муздаткычта кармалат. Биздин кардарларда эртең менен биздин өндүрүштүн жаңы продукциясын сатып алуу мүмкүн болушу үчүн продуктуну алып келүү атайын автотранспорт менен таңкы саат беште башталат. Ар бир дүкөндүн суроо-талабы боюнча гана иштегендиктен, ашыкча продукция чыгарбаганыбызды белгилей кетким келет.





Продуктунун жана даяр тамактардын сапатын кантип көзөмөлдөйсүз?
Мухтасар: 2013-жылы ХАССП системасын жүзөгө ашырганыбызга абдан сыймыктанабыз. Буд система келген чийки азыктын жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөйт. Биздин бардык көрсөткүчтөр боюнча стандарттык продукцияны өндүрүү максатында продуктунун жана даяр тамактардын сапатын көзөмөлдөгөн сапатты контролдоо бөлүмү жана азык-түлүк продуктусун өндүрүүнүн технологиялык процессинде бардык гигиеналык талаптардын аткарылуусун контролдогон санитардык контролдоо бөлүмү бар.
Тамактарды даярдоодо кандай продукт колдонулат?
Василий: Продукцияны даярдоо биз негизинен жергиликтүү өндүрүштүн продуктусун колдонобуз. Ишкерлер жана фермерлер менен түздөн түз иштешебиз.
Сатылбаган продукция кайда жумшалат??
Василий: Дүкөндөргө сатууга үлгүрбөгөн азык-түлүктөр сатыктан алынып, кайра иштетүүгө – малга жем даярдоого жиберилет. Биздин өндүрүштүн аймагынан алыс, атайын жайыбыз бар. Анда бардык дүкөндөрдөн жарамдуулук мөөнөтү аяктаган продукциялар алып келинет. Башкача айтканда мунун баары өндүрүшкө эч качан кайрадан кайтарылбайт.