Купуялуулук саясаты

КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫ
 
Ушул Купуялуулук саясаты (мындан ары – Саясат) “Умай Групп” ЖЧК тарабынан берилүүчү, НАРОДНЫЙ мобилдик тиркемесинин (мындан ары - “Тиркеме”, “Санарип сервис”) Колдонуучуларынын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу тартибин жөнгө салат.
Саясат төмөнкүлөргө ылайык иштелип чыккан:
  • Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси;
  • “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” КР Мыйзам;
  • “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КР Мыйзам;
  • КР Жарандык кодекси;
  • маалыматтарды иштеп чыгуунун эл аралык принциптери.
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Саясат Тиркеменин Колдонуучуларынын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу, сактоо, берүү жана коргоо тартибин аныктайт.
1.2. Тиркемени колдонуу Колдонуучунун ушул Саясатка шартсыз макулдугун билдирет.
1.3. Саясат "Умай Групп" ЖЧК Колдонуучу жөнүндө Санарип сервисти колдонуу процессинде ала турган бардык маалыматка, анын ичинде санарип жазууларга дагы колдонулат.
1.4. Тиркеме 16 (он алты) жашка толгон адамдар үчүн жеткиликтүү. 16 (он алты) жашка чыга элек адам мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу бар экенин ырастайт. Компания Колдонуучунун керектүү жашка чыга электигинен шектенсе, мыйзамдуу өкүлдүн макулдугун кошумча ырастоону сураганга укуктуу. 16 жашка чыга элек Колдонуучунун маалыматтарын иштеп чыгууда Компания мыйзамдуу өкүлдүн макулдугун берүү фактысын каттайт жана аны башка макулдуктар менен бирдей сактайт.
1.5. Компания жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этностук таандыктыгына, диний ишенимине, жашына, саясий же башка ишенимине, билимине, тегине, мүлктүк абалына же башка жагдайларына карабастан санарип сервиске басмырлоосуз жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылат.
1.6. Саясат орус жана кыргыз тилдеринде жеткиликтүү. Айырмачылыктар болгон учурда кыргыз тилиндеги версия артыкчылыкка ээ.

2. Санарип сервисти сунуштоочу
“Умай Групп” ЖЧК (мындан ары Компания)
ИНН: 01007200310037
Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чокон Валиханов көч., 16
E-mail: office@market.kg
Телефон: 900-230
Компания жеке маалыматтарды иштеп чыгууга чейин милдеттүү маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

3. Иштелип чыгуучу жеке маалыматтардын тизмеги
Компания Колдонуучунун жеке маалыматтарынын төмөнкү категорияларын иштеп чыгат:
3.1. Каттоо маалыматтары
  • фамилиясы, аты;
  • телефон номери;
  • электрондук почта дареги;
  • жеткирүү дареги;
  • эсепке алуу жазуусунун маалыматтары (логин, колдонуучунун идентификатору);
  • тапшырыктардын тарыхы;
  • лоялдуулук программасынын маалыматтары (бонустар, купондор);
  • тиркемедеги иш-аракеттердин санарип жазуулары;
  • техникалык маалыматтар (IP-дарек, Device ID).
3.2. Тапшырыктар жана лоялдуулук программасы жөнүндө маалыматтар
  • тапшырыктардын тарыхы;
  • жеткирүү даректери;
  • бонустарды чегерүү жана эсептен алуу;
  • лоялдуулук карталарынын маалыматтары;
  • пикирлер жана каалоолор;
3.3. Техникалык маалыматтар
  • IP-дарек;
  • түзүлүштүн идентификатору (Device ID);
  • түзүлүштүн түрү/модели, ОС версиясы;
  • cookies жана ушул сыяктуу технологиялар;
  • колдонуучунун окуяларынын жана аракеттеринин логдору;
Тиркеме аналитикалык сервистердин SDK (мисалы, Firebase, AppMetrica, Google Analytics) колдонушу мүмкүн, алар тиркеменин ишин жакшыртуу үчүн техникалык маалыматты автоматтык түрдө чогултат. Сервистер техникалык маалыматты гана алышат жана Колдонуучуну аныктоого мүмкүндүк берген жеке маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.

3.4. Геолокациялык маалыматтар (макулдук болгондо)
  • түзүлүштөрдүн координаттары;
  • жеткирүү дареги;
  • жакынкы дүкөндөрдүн маалыматтары;
3.5. Финансылык маалыматтар
  • транзакциялар жөнүндө маалымат (статус, төлөмдүн түрү).
Компания банктык карталардын реквизиттерин иштеп чыкпайт жана сактабайт.

3.6. Санарип жазуулар
Компания Тиркемени колдонууга байланыштуу санарип жазууларды каттайт жана сактайт, анын ичинде:
  • тапшырыктардын тарыхы;
  • бонустарды чегерүү жана эсептен алуу тарыхы;
  • колдонуучунун жеке маалыматтарынын өзгөрүү тарыхы;
  • макулдуктардын жана аларды чакыртып алуунун тарыхы;
  • колдоо кызматына кайрылуулар;
  • тиркеменин интерфейсиндеги колдонуучунун аракеттери;
  • каталардын техникалык логдору;
  • жеткирүү, төлөө жана тапшырыкты ырастоого байланыштуу файлдык окуялар.
Санарип жазууларды сактоо мөөнөтү – аккаунттун колдонуу мөөнөтү + 3 (үч) жыл.

3.7. Маалыматтардын атайын категориялары
Компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган же Колдонуучунун өзүнүн эрки менен билдирген учурлардан тышкары, жеке маалыматтардын атайын категорияларын (биометрикалык маалыматтар, ден соолук, диний ишенимдер, саясий көз караштар ж.б. жөнүндө маалыматтар) иштеп чыкпайт.

4. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун негиздери
Маалыматтарды иштеп чыгуу төмөнкү укуктук негиздерде жүргүзүлөт: 
                                            
  • Санарип кодексинин 79-беренеси – иштеп чыгуу келишимди аткаруу үчүн зарыл;
  • Колдонуучунун макулдугу;
  • Жеткирип берүүчүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктары (коопсуздук, алдамчылыктын алдын алуу);
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары.
5. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун максаттары
Жеке маалыматтар төмөнкүлөр үчүн колдонулат:
  • эсепке алуу жазуусун каттоо;
  • тапшырыктарлы иштеп чыгуу жана товарларды жеткирүү;
  • лоялдуулук программасына катышуу;
  • тиркеменин интерфейсин жана функционалын өркүндөтүү;
  • билдирүүлөрдү жеткирүү (макулдук болгондо);
  • аналитика жана статистика;
  • колдонуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу.
6. Колдонуучунун макулдугу
6.1. Төмөнкүлөргө өзүнчө макулдук талап кылынат:
  • жеке маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана үчүнчү жактарга берүүгө;
  • НАРОДНЫЙ жарнамалык, маркетингдик билдирүүлөрүн жана жеке сунуштарын алууга;
  • маалыматтарды чек ара аралык берүүгө;
  • аналитика, сервисти жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн cookie файлдарын жана түзүлүштөрдүн идентификаторлорун колдонууга;
  • жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга Мобилдик тиркемедеги тапшырыктарды аткаруу максатында гана берүүгө.
6.2. Макулдук аракетти ырастоо менен билдирилет (чекбокс, баскыч, SMS-код).
6.3. Колдонуучу каалаган убакта макулдугун чакырытып ала алат.
6.4. Компания Колдонуучунун ар бир макулдугун берүү, өзгөртүү жана чакыртып алуу фактысын каттайт. Макулдук аккаунттун колдонуу мөөнөтү ичинде + 3 (үч) жыл сакталат. Бардык макулдук, аларды өзгөртүүлөр жана чакыртып алуулар санарип жазуулардын курамында өзгөрбөгөн түрдө сакталат.

7. Жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга берүү
Берүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
  • колдонуучу менен келишим;
  • колдонуучунун макулдугу;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары.
Маалыматтар берилиши мүмкүн:
  • төлөм операторлоруна;
  • жеткирүү кызматтарына;
  • подрядчыларга (хостинг, аналитика, SMS-операторлор);
  • мамлекеттик органдарга – мыйзамда каралган учурларда.
Маалыматтарды маркетинг үчүн үчүнчү жактарга берүү – Колдонуучунун макулдугу болгондо гана.

8. Жеке маалыматтарды чек ара аралык берүү
Төмөнкү учурларда гана уруксат берилет:
  • кабыл алуучу тарап коргоонун тийиштүү деңгээлин камсыз кылат;
  • берүү келишимди аткаруу үчүн зарыл;
  • колдонуучу түз жазуу жүзүндө же санариптик макулдугун берген;
  • берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан талап кылынат.
Жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын аймагында же маалыматтарды коргоонун тийиштүү деңгээлин камсыз кылган өлкөлөрдө жайгашкан серверлерде сакталышы жана иштелип чыгышы мүмкүн.

9. Колдонуучунун укуктары
Колдонуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жөнүндө маалыматты алууга;
  • өзүнүн санарип жазууларынын көчүрмөлөрүн алууга;
  • туура эмес жеке маалыматтарды оңдоого;
  • жеке маалыматтарды өчүрүүнү талап кылууга (милдеттүү маалыматтардан тышкары);
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгууну чектөөгө;
  • өзүнүн жеке маалыматтарын башка сервиске көчүрүүгө;
  • Тиркемени колдонууда түзүлгөн санарип жазууларды машина окуй турган форматта (JSON, CSV, XML) алууга жана аларды башка санарип сервисти сунуштоочуга көчүрүүгө.
  • макулдукту чакыртып алууга.
Суроо-талапка жооп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө берилет.
Жеке маалыматтар жана санарипк жазуулар Колдонуучуга машина окуй турган JSON, CSV же XML форматында берилет.

10. Жеке маалыматтарды сактоо
  • жеке маалыматтар иштеп чыгуу максаттарына жеткенге чейин сакталат;
  • санарип жазуулар колдонуу мөөнөтүндө + 3 (үч) жыл сакталат;
  • бухгалтердик маалыматтар — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө сакталат.
Колдонуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Компания сактоого милдеттүү болгон маалыматтардан тышкары, жеке маалыматтарды өчүрүүнү талап кылууга укуктуу.
Эгерде Колдонуучу Тиркемени колдонуудан баш тартса жана өзүнүн маалыматтары боюнча эч кандай көрсөтмө бербесе, Компания жеке маалыматтарды баш тартуу алынган жылдан кийинки бир календардык жыл ичинде өзгөрүүсүз сактайт жана бул мөөнөт аяктагандан кийин мыйзам боюнча милдеттүү түрдө сакталууга тийиш болгон маалыматтарды кошпогондо, аларды өчүрөт.
Жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын аймагында же маалыматтарды коргоонун тийиштүү деңгээлин камсыз кылган мамлекеттерде жайгашкан серверлерде сакталат.

11. Жеке маалыматтарды коргоо
Компания керектүү техникалык жана уюштуруучулук чараларды көрөт:
  • жеке маалыматтарды шифрлөө;
  • байланыш каналдарын коргоо;
  • кызматкерлердин кирүү мүмкүндүгүн чектөө;
  • чыгып кетүүлөрдүн жана инциденттердин алдын алуу.
Чыгып кетүүнүн же Колдонуучунун жеке маалыматтарына уруксатсыз жетүү мүмкүндүгүнүн фактысы аныкталган учурда Компания инциденттин мүнөзүн жана коргоо чараларын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган акылга сыярлык мөөнөттө Колдонуучуга кабарлоого милдеттенет.
Компания маалыматтарды автоматташтырылган иштеп чыгуунун негизинде гана, Колдонуучу үчүн юридикалык кесепеттерди жаратуучу чечимдерди кабыл албайт. Колдонуучунун укуктарына таасирин тийгизүүчү бардык чечимдер Компаниянын кызматкерлеринин катышуусунда кабыл алынат.

12. Даттануулар жана кайрылууларды кароо тартиби
Колдонуучу даттанууларды жөнөтүүгө укуктуу:
  • тиркемедеги “Колдоо” аркылуу;
  • e-mail: office@market.kg аркылуу;
  • www.market.kg сайтындагы кайтарым байланыштын формасы аркылуу.
Эгерде даттануу башка колдонуучунун аракетине тиешелүү болсо, Компания тиешелүү колдонуучуга түшкөн даттануу жөнүндө маалыматты мыйзамда каралган көлөмдө жөнөтөт.
Кароо мөөнөтү – 5 (беш) жумуш күнүнө чейин.
Чечимдер тармактык жөнгө салуучуга жана сотко даттанылышы мүмкүн.

13. Форс-мажор
Компания компетенттүү орган тарабынан тастыкталган, жеңилгис күч жагдайларынын кесепетиндеги үзгүлтүктөр үчүн жоопкерчилик тартпайт.

14. Саясатты өзгөртүү
  • Саясат өзгөртүлүшү мүмкүн.
  • Колдонуучуга өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин 1 (бир) ай мурда кабарланат.
  • Бардык редакциялардын архиви 3 (үч) жыл сакталат жана суроо-талап боюнча берилет.
15. Корутунду жоболор
  • Саясат Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
  • Саясат жокко чыгарылганга же алмаштырылганга чейин мөөнөтсүз колдонулат.
  • Саясат түшүнүктүү жана жеткиликтүү тилде түзүлгөн. Кыйынчылыктар жаралган учурда Колдонуучу колдоо кызматынан Саясаттын жоболорун түшүндүрүп берүүнү сураганга укуктуу.
  • Кыргыз жана орус тилдериндеги версиялары расмий болуп саналат;
  • Саясаттын кыргыз тилиндеги версиясы артыкчылыкка ээ.